Ссылки доступа

Өзбекстан Байдендин Газа боюнча планын кубаттайт


Өзбекстан Газа тилкесиндеги кырдаалды тынчтык жолу менен турукташтырууга багытталган эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу жана бейпил турмушту калыбына келтирүү боюнча АКШнын демилгесин кубаттайт.

Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Ахрор Бурханов telegram-каналына жазды.

"Биз бардык тараптарды сабырдуулукка, эл аралык укукту сыйлоого, зомбулуктун алдын алууга жана мындан ары жөнөкөй жашоочулардын арасындагы курмандыктарды болтурбоого аракет кылууга чакырабыз", – деди ал.

Буга чейин Өзбекстан Газа тилкесине 1,5 миллион доллар каражат бөлөрү кабарланган. Президент Шавкат Мирзиёев палестин элинин өз мамлекетин түзүүгө болгон укугун колдогон.

АКШнын президенти Жо Байден Газада ок атууну токтотуу боюнча үч баскычтан турган долбоорун 31-майда жарыялаган. Анда тараптардын жарашуусу, согушкерлер кармап турган израилдиктердин бир тобун кайтаруу, согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана барымтадагылардын калганын бошотуу сунуш кылынган. Байден бул планды дагы толуктоо керектигин кошумчалаган.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан АКШ, Египет жана Катар эки тарапты барымтадагыларды бошотуу жана Газа тилкесинде ок атышпоо планына макул болууга чакырууда.

Былтыр 7-октябрда радикал топ Израилге кол салганда 1200 киши каза таап, 250дөн ашуун киши барымтага алынган. Бүгүнкү күндө ХАМАСтын колунда дагы 100дөй киши калууда.

Газа тилкесинин ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги былтыр октябрдан бери палестин тараптан 36 миңден ашык киши өлгөнүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG