42 жаштагы Мурад Максудовго Кылмыш-жаза кодексинин "Жалаа жабуу", "Ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу" жана "Уурдоо же чыгымга учуратуу" беренелери менен айып тагылган.
Ошол эле учурда сот Мурад Максудовду "Алдын ала кутум менен топ адам жасаган алдамчылык" беренеси боюнча актады.
"Эзгулик" укук коргоо коомунун жетекчиси Абдурахман Ташанов сот жараяны жабык өткөнүн билдирди.
Максудов 2023-жылы октябрда камакка алынган. Анда кармоого насыяны төлөөнү кечеңдеткени себеп болгон, бирок блоггер банк менен маселеси чечилгенин айткан.
Максудов мурда ички иштер органдарында иштеген, ошондой эле "Эзгулик" коомунда укук коргоочу болгон. Ал өзүнүн блогерлик ишмердүүлүгүнүн алкагында айрым мурдагы кесиптештери кылмышка, тагыраак айтканда, аял зордуктоого катыштыгы болушу мүмкүндүгүн чагылдырып, курулуш компанияларына берилип кеткен жерлерде жашаган тургундарды үйлөрүнөн мажбурлап чыгаруу көйгөйүн көтөргөн.