Ссылки доступа

Кытайлык инвестор Тажикстандагы алтын компаниясын сотко берерин билдирди


Чжан Цюин - "Чин Зар" компаниясынын корпоративдик инвестору жана жетекчиси
Чжан Цюин - "Чин Зар" компаниясынын корпоративдик инвестору жана жетекчиси

Кытайлык инвесторго таандык "Чин Зар" компаниясы менен тажикстандык ишкерге тишелүү "Нахш" фирмасынын ортосунда экономикалык чыр чыкты.

Өзүн "Чин Зар" компаниясынын корпоративдик инвестору жана жетекчиси катары тааныштырган Чжан Цюин Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) жазган катында тажик өнөктөшү 400 миң доллар төлөөдөн баш тартып жатканын билдирген.

Өз кезегинде "Нахштын" аткаруучу директору "Озоди" радиосу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө компания макулдашылган сумманын жарымын төлөгөнүн, андан кийин каржылык көйгөйлөргө туш болгонун, бирок калган карызды жакында төлөй турганын кабарлады.

2016-жылы кытайлык ишкер Тажикстандын "Нахш" компаниясы менен биргеликте Шугнов аймагындагы алтын кенин иштетүүгө инвестиция салган. Ал өзүнүн жоопкерчилиги чектелген коомун Тажикстанда "Чин Зар" деген ат менен каттаткан.

Чжан Цюин Кытай бийлиги менен макулдашкандан кийин келишим боюнча 3 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салганын, ал эми "Нахш" даяр өндүрүшкө ээ болуп, ошол эле учурда инвестицияны кайтарбай жатканын жазган. Анын айтымында, "Нахш" компаниясынын ээси – тажик президентинин үй-бүлөсүнүн тууганы.

"Нахш" компаниясынын жетекчиси Амриддин Нахшов менен бир нече жылдар бою талашып-тартышып жүрүп, Кытай элчилиги жана Тажикстан ТИМинин кийлигишүүсүнөн кийин ал мага 800 миң долларды кайтарып берет деген бүтүмгө келгенбиз. Бирок тажик ТИМи аркылуу мага болгону 400 миң доллар кайтарылды", — дейт Чжан Цюин.

Макулдашууга ылайык, тажикстандык ишкер карызын 2024-жылдын февраль айына чейин төлөшү керек болчу.

Эки компаниянын ортосундагы талаш Кытайдын да, тажик бийлигинин да көңүлүн бурду. Кытай элчилиги тажик тарапка экономикалык талашты 15-июнга чейин чечүүнү өтүндү. Болбосо доогерлер Кытайдын Экономикалык сотуна кайрылууга ниеттенүүдө. Тараптар маселени чечүү үчүн жакынкы күндөрү жолугушууга даяр экендиктерин ырасташты.

XS
SM
MD
LG