Ссылки доступа

Тажикстанда журналист жана УКМКнын мурдагы полковнигин түрмөдөн бошотууну талап кылышууда


Эки эл аралык уюм: Freedom Now жана Dechert LLP  юридикалык фирмасы соттолгон активист, Тажикстандын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Мамадсултон Мавлоназаровдун атынан БУУнун негизсиз камоо боюнча жумушчу тобуна кайрылуу кат жолдоп, анын абактан чыгуусуна көмөктөшүүнү суранышты.

5-июнда жолдонгон катта Мавлоназаров бийликти сындаганы үчүн темир тор артында отурганы айтылат.

2022-жылы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы кызматкери, журналист Мамадсултон Мавлоназаров (Мухаммади Султон) жети жылга эркинен ажыратылган. Ал "Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоо" жана "Бийлик өкүлүн кемсинтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

"БУУнун негизсиз камоолор боюнча жумушчу тобу Мавлоназаровдун кармалышы анын сөз эркиндигине болгон негизги укугун, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакты жана Адам укуктарынын жалпы декларациясын бузган деген тыянак чыгарат деп үмүттөнөбүз жана ал бошотулушу керек", деп айтылат катта.

Катта Мавлоназаров мамлекеттик коопсуздук органдарынан кеткенден кийин журналисттик кесипти аркалап, ал үчүн бир нече жолу коркутууларга кабылганы белгиленген.

Укук коргоочулар отставкадагы полковник 2022-жылдын май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуялар тууралуу Фейсбукта жазган посттору жана комментарийлери үчүн соттолгонуна ишенет.

"Бүгүнкү күндө Мавлоназаровдун ден соолугу канааттандырарлык эмес: буту катуу шишип, бөйрөгү ооруп жатат. Ден соолугуна байланыштуу ал бир нече жолу ооруканага жаткырылган", — деп айтылат укук коргоочулардын БУУга жолдогон катында.

Мамадсултон Мавлоназаров 2022-жылы июнь айында – Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн Рушан менен Хорогдогу “антитеррордук” операциясын кескин сындаган соң кармалган. "Антитеррордук" операцияда бийлик 16 киши өлгөнүн кабарласа, көз карандысыз булактар кеминде 40ка жакын адамдын өмүрү кыйылганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG