"Укргидроэнергонун" эсеби боюнча, чыгашанын болжолдуу суммасы 2,5 миллиард долларды түзөт. Адистер Кахов ГЭСин 6-7 жылдын ичинде, аймак бошотулгандан кийин калыбына келтирүүгө мүмкүн деп эсептешет.
Reuters агенттиги “Укргидроэнерго” арбитраждык жараян качан башталганын так айтпаганына көңүл бурду.
Компаниянын билдирүүсүндө соттук териштирүүгө 1998-жылдагы Украина менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы Инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо келишими негиз болору белгиленет. Киев келишим 2025-жылдын 27-январына чейин күчүндө экенин маалымдады. “Укргидроэнерго” талаш-тартыштарды тынч жол менен чечүү үчүн Орусияга билдирүү жөнөткөн. Алты айлык мөөнөт өткөндөн кийин компания зыяндын ордун толтуруу үчүн арбитражга кайрылат.
Украинанын Башкы прокуратурасы 6-июнда кабарлагандай, Кахов ГЭСинин дамбасын бузуу боюнча орусиялык генерал-полковник, "Днепр" тобунун мурдагы командири Олег Макаревичке айып тагылган. Украинанын Коопсуздук кызматы дамбаны жардырууга дал ушул орус аскер башчысы буйрук берген деп эсептейт.
Кахов ГЭСинин дамбасы былтыр 6-июнга караган түнү жардырылган. Суу ташкыны Днепрдин эки тарабындагы элүүдөн ашуун шаар-кыштактарды каптаган.
Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген.