"Мемориал" укук коргоо борборунун Борбор Азия боюнча программасынын директору Виталий Пономаревдин айтымында, сот мындай чечимди 22-февралда кабыл алган.
Укук коргоочунун билдирүүсү 6-июнда Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки фондунун (TFH) сайтына жарыяланды.
Жогорку соттун чечими коомчулукка жеткиликтүү эмес.
Укук коргоочулар "Алга, Каракалпакстандын" ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча соттун "жашыруун" чечими каракалпакстандык активисттерге каршы козголгон кылмыш иштеринин көбөйүшүнө жана жазанын катаалдашына алып келет деп тынчсызданышууда.
"Алга, Каракалпакстан" кыймылы 2008-жылы түптөлгөн. Бул кыймылдын лидери Аман Сагидуллаев 2023-жылдын 10-майында Өзбекстанда бир катар беренелер боюнча, анын ичинде президентти эл алдында кемсинтүү же жалаа жабууга айыпталып сыртынан 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал тагылган айыптардын баарын четке каккан.
Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном жумуриятында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор шаар Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Окуялар боюнча соттук териштирүү уланууда. Кийин Каракалпакстанга тиешелүү беренелер өзгөртүүсүз калган.
Ошондон бери каракалпакстандык активисттер куугунтукка туш болуп жатканын укук коргоочулар белгилеп келишет.