Ссылки доступа

Казакстандын бийлиги ЛГБТ пропагандасына тыюу салуу жөнүндө петицияны карайт


Астанадагы Министрлер үйү
Астанадагы Министрлер үйү

9-июнга карата "ЛГБТ пропагандасына" тыюу салууга чакырган петицияга 50 миң адам кол койду. Казакстандын Маалымат жана маданият министрлиги кайрылуу расмий түрдө караларын, себеби жетиштүү кол топтолгонун билдирди.

"Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги кызыкдар тараптардын, мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн камтыган жумушчу топтун ишин уюштурат. Өтүнүчтү кароо жараяны мыйзамдын талаптарына ылайык өтөт", — деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Петициянын автору – республикалык "Казакстан ата-энелер союзу" аттуу коомдук уюмдун өкүлү Багила Балтабаева. Ал балдарды жана өспүрүмдөрдү "салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоодон" коргоого чакырган.

Былтыр бул уюм Семей театрында коюлган спектаклде "гомосексуализимдин пропагандасы бар" деген тыянак чыгарган. Социалдык тармактардагы чуудан кийин студия оюнду коюудан баш тартууга аргасыз болгон.

Апрель айында Казакстандын айрым депутаттары "салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо" үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунушташкан. Эксперттер муну Орусиянын мыйзам чыгаруу тажрыйбасын көчүрүү аракети катары баалашкан.

Өткөн жылы Казакстанда 50 миңден ашык добуш топтогон кайрылуулар өкмөттүк деңгээлде каралат деген мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG