Ссылки доступа

Өзбекстанда алгачкы жолу "Восток-антитеррор - 2024" машыгуулары өтөт


КМШ жана ШКУ уюмдарына мүчө өлкөлөрдүн аскер кызматкерлери Өзбекстанда өтө турган "Восток-2024" антитеррордук машыгууларына даярдыктарды талкуулашты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

КМШнын антитеррордук борборунун басма сөз бюросу билдиргендей, "Восток-Антитеррор-2024" машыгуусу Өзбекстанда алгачкы жолу өткөрүлөт.

Машыгууларда КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн аскер кызматкерлери Өзбекстандын полигондорунда террористтерге каршы күрөштүн "практикалык күч" бөлүгү боюнча машыгышат.

Мурдараак 2024-жылы ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн конференциясы менен КМШнын конференциясын биргелешип өткөрүү пландалып жатканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG