Мекеменин маалыматына караганда, 32 жаштагы шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди. Ал кырсык болгон тапта эмгек өргүүдө жүргөнү такталган. Автоунаасы айып короого токтотулду.
8-июнда Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тазалыктын” кызматкерин белгисиз адам машина менен сүзүп качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
Бишкекте буга чейин да “Тазалыктын” кызматкерлерин жумуш учурунда машина сүзүп кеткен бир нече окуялар болгон. Айрымдары алган жаракатынан көз жумган. Ушундан улам алардын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлгөн.