"Сайдазиз Медгородок" жана башка бир нече адам өткөн жылдын декабрь айында Ташкент шаарынын милиция кызматкерлеринин кылмыштуу топторду аныктоо рейди учурунда опузалап акча талап кылуу шеги менен кармалган. Алар акча талап кылуу жана карызы бар адамдардын “көйгөйлөрүн чечүү” аркылуу пайдага туйтунуп турганы айтылган.
Сотто жалпысынан 29 кишинин иши каралат.
Алдын ала тергөөнүн корутундусуна ылайык, алар “Киши өлтүрөм же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу”, “Опузалоо”, “Алдамчылык”, “Бажы мыйзамдарын бузуу”, “Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды, автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик номурларын алуу, жок кылуу, бузуу же жашыруу”, "Өзүм билемдик", “Тергөөгө кийлигишүү”, “Жалган көрсөтмө берүү”, “Кылмыштуу чөйрөнү уюштуруу”, “Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу”, “Бейбаштык”, “Пара берүүгө шериктеш болуу” беренелери боюнча айыпталууда.
Былтыр 2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейд өткөргөн. Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Анын алкагында “Бахти Ташкентский” деген каймана ат менен белгилүү болгон Бахтияр Кудратуллаев, “Саидазиз медгородок” деген каймана ысымы бар Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган.