Сот отурумду видеого тартууга, анын ичинде чечимди жарыялоого уруксат берген жок.
38 жаштагы Тимур Данебаев Январь окуясынан кийин "20 миң террорист тууралуу жалган маалымат таратты деп" президент Токаевге каршы арыз жазууга аракет кылган. Былтыр июнда сот "Улут аралык кастыкты козутту" деп айыпталган активистти үч жылга эркинен ажыраткан. Ушул эле жылы августта Астана соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Ошол эле айда казак бийлиги Тимур Данебаевди "терроризм менен экстремизмди каржылоого тиешеси бар адамдар менен уюмдардын" тизмесине кошкон.
Жергиликтүү укук коргоочулар Тимур Данебаевди өздөрү түзгөн "саясий туткундардын" тизмесине киргизишкен. Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий негиздер менен камалгандар жок экенин билдирип келет.