Бүгүнкү күндө Тажикстандагы электр энергиясынын 98 пайыздан ашыгы өлкөнүн гидроэнергетикалык ресурстарынын эсебинен иштелип чыгат.
"Дагы бир максат – Тажикстанды 2037-жылга карата "жашыл өлкөгө" айлантуу. Алдыдагы 16 жылдын ичинде 2 миллиард бак-дарак отургузуу демилгем дал ушул максатка багытталган", – деди Рахмон.
Ал конференциядагы сөзүндө дүйнөдөгү суу тартыштыгына өзгөчө көңүл буруп, бирок өлкө ичиндеги таза суу маселесине дээрлик токтолгон жок. Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Тажикстандын айылдарында жашаган калктын 40 гана пайызы (өлкө калкынын 70% ашыгы айылдарда жашайт) таза суу менен камсыз болгон. Шаарларда бул көрсөткүч 80% ашыгыраак.
Рахмон мындан тышкары Тажикстан суу маселелери боюнча коңшу өлкөлөр менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, Душанбе "актуалдуу суу маселелерин чечүү боюнча Борбор Азиядагы кызматташтыкты жана конструктивдүү диалогду бекемдөөгө" даяр экенин белгиледи.
Тажик президенти ошондой эле Тажикстандагы мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. "Акыркы бир нече он жылдыктын ичинде Борбор Азиянын суу ресурстарынын 60% жакынын түзүүдөгү негизги булак эсептелген Тажикстандагы 13 миң мөңгүнүн 1 миңи толугу менен эрип кетти. Ошол эле маалда Тажикстан өндүрүштүк өлкө болуп эсептелбейт. Абага бөлүнүп чыккан парник газдарынын жалпы көлөмүндөгү биздин өлкөнүн үлүшү өтө эле аз", – деди Рахмон.
13-июнга чейин созула турган Эл аралык суу конференциясына 2 миңден ашык киши, анын ичинде БУУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык, аймактык уюмдардын, каржы институттарынын, илимий-изилдөө, билим берүү мекемелеринин, жеке компаниялардын, бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун, аялдар, жаштар жана балдар уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.
Душанбедеги үчүнчү Эл аралык суу конференциясы Тажикстандын демилгеси жана БУУнун колдоосу менен өтүп жатат. Сынчылар бул сыяктуу жыйындар Тажикстандын эл аралык аренадагы имиджин жогорулатууга багытталган пропагандалык курал экенин, ал өлкөдөгү суу көйгөйлөрүн чечпей турганын айтып келишет.