Макаланын авторлору чек арачылардын журналисттерге берген документине шилтеме кылууда.
"Меморандумга ылайык, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген мигранттар АКШдан дароо чыгарылууга тийиш", — деп белгилейт басылма.
Мурдараак Огайо штатындагы Wanglav иммиграциялык адвокатурасынын өкүлү Кубат Кубаналиев АКШда миграциянын агымын кыскартууга багытталган чектөөлөр жыл сайын иштелип чыгып жатканын, ошондуктан бул мигранттардын арасында анчалык деле резонанс жаратпаганын айткан.
"Бул чектөөнүн чек ара өткөрмөсүнө барып, CBP One тиркемесин толтуруп башпаанек сурагандарга тиешеси жок. Бул ар кайсы жерден, талаа-токойдон, тосмолордун алдынан же секирип өткөндөргө гана багытталган. Ошондой эле чоңдордун коштоосу жок барган жашы жете электер жана токтоосуз медициналык жардамга муктаждар дагы бул чектөөгө кабылбайт", - деген Кубаналиев.
5-июнда Байден мыйзамсыз иммигранттарга АКШдан башпаанек издөөгө тыюу салганы белгилүү болгон. Ак үй мындай кадамга мигранттардын агымы күчөгөн маалда барды.