Ссылки доступа

Өзбекстанда баласын эки жыл бою кыйнаган аял соттолду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Бухара облусундагы Шафиркан райондук соту эки жыл бою кичинекей баласын кыйнап келген аялга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Өзгөчө мыкаачылык менен денеге атайылап оор зыян келтирүү" беренеси боюнча айып тагылган С. Н. аттуу жаран соттун чечими менен үч жылга эркинен ажыратылды.

Быйыл январда Өзбекстандын балдар акыйкатчысы Сурайё Рахмонова С.Н аттуу аял алты жаштагы баласын бешикке жаткырып, колу-бутун байлап, таяк жана башка буюмдар менен сабаганы боюнча видеодалилдерди алганын билдирген.

Бул маалыматтан кийин аялга каршы кылмыш иши козголгон. Кийин социалдык кызматтарды көрсөткөн "Инсон" борбору анын баласына башка опекун дайындаган.

Учурда тиешелүү органдар С.Нди энелик укуктан ажыратуу маселеси менен алектенүүдө. Балдар акыйкатчысы сабалган баланын тагдырын аныктоо процессине көзөмөлдү улантууда.

XS
SM
MD
LG