Ага ылайык, бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан 11 жарандын баары тең күнөөлүү деп табылды. Алардын бири төрт жылга, калгандары 1 жыл 9 айдан эркиндиктеринен ажыратылды. Соттолуучулар айыптоо өкүмү менен макул эмес экендиктерин билдиришти.
Сот "Жапырт башаламандыктарга катышуу", "Имаратка кол салуу", "Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" жана "Аскер кызматкерин барымтага алуу" беренелери боюнча айыпталган Акжол Жандарбековду алгач 16 жылга кесип, бирок мунапыс мыйзамы менен анын жаза мөөнөтүн төрт жылга чейин кыскартты. Сот "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдын негизинде калган айыпталуучулардын да жаза мөөнөттөрүн кыскартып, ар бирине 1 жыл 9 айдан абак жазасын чегерди.
Бул иш боюнча сот отурумдары өткөн жылы сентябрда башталган. Анын жүрүшүндө прокурор айыпталуучуларды 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөттөргө соттоону өтүнгөн.
Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер 2022-жылы 2-январда Маңгыстау облусунда башталган. Бир канча күнгө созулган тополоң башка аймактарга да жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Алматыда топтолгон адамдар жергиликтүү акимчиликтин имаратын жана президенттин резиденциясын басып алып, кийин алар өрттөлгөн. Казакстандын Башкы прокуратурасы бул имараттарды басып алууга миңге жакын киши катышканын билдирген.
Январь окуясынан кийин Алматыдагы президенттик резиденция түрттүрүлгөн. Өкмөт аны бузуу иштерине алты миллиард теңге жумшоо пландалып жатканын билдирген. Акимчиликтин имаратын оңдоо иштери 2022-жылы башталып, бул үчүн республикалык бюджеттен 17 миллиард теңге бөлүнгөнү кабарланган.