Ссылки доступа

Сот Алишер Усмановду Германиядагы вилланын ээси деп атоого тыюу салды


Гамбург соту Tegernseer Stimme гезитине теги өзбекстандык, USM Holdings компаниясынын негиздөөчүсү Алишер Усмановдун Баварияда вилласы бар деген маалыматты таратууга тыюу салды. Мындай чечим 10-июнда кабыл алынды.

Талапты бузган ар бир учур үчүн сот 250 миң еврого чейин айып пул салат. Эгерде мындай айыпты өндүрүү мүмкүн болбосо, соттолуучу ар бир мыйзам бузулган учур үчүн алты айга чейин жана жалпысынан эки жылга чейин административдик камакка алынат.

Усмановдун адвокаттары гезитти 2017-жылдагы макаласы үчүн сотко берген, анда ишкер бир жылдай Тегернси көлүндө чоң виллага ээ болгону айтылган.

2024-жылдын январь айында Гамбург соту америкалык Forbes журналына Алишер Усмановдун орус президенти Владимир Путин менен байланышы тууралуу маалыматты таратууга тыюу салган.

Басылманын анонимдүү экспертинин "Усманов бир нече жолу Путиндин абийирин жаап, анын бизнес-көйгөйлөрүн чечкен" деген сөзү ырасталбаганы белгиленген.

Сот Forbes журналынын Алишер Усманов "Мюнхенде кыймылсыз мүлккө ээ" деген билдирүүсүнө байланыштуу да ушундай эле чечим чыгарган. Сот басылмага чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү таратууга тыюу салып, тыюуну бузган учурда 250 миң еврого чейин айыппул төлөшү ыктымал экенин эскерткен.

2023-жылы августта Гамбург соту австриялык Kurier гезитин макаласындагы "Путин Усмановду жакшы көргөн байлардын бири деп атаганы" тууралуу маалыматты далилдей алган жок деп чечкен. Көп өтпөй Евробиримдик санкциялык тизмеге киргизилген орусиялык миллиардерлерди олигарх деп атабай калган.

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов дүйнөдөгү бай адамдардын бири. Кезинде Forbes журналы анын байлыгын 14,4 миллиард долларга баалаган.

XS
SM
MD
LG