Орус тили боюнча эл аралык уюмду түзүү боюнча келишимге Казакстандын атынан президент Касым-Жомарт Токаев былтыр октябрда кол койгон.
"Орус тили боюнча эл аралык уюмду түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоору парламенттин кароосуна киргизилсин", - деп айтылат казак өкмөтүнүн токтом долбоорунда.
Бул боюнча коомдук талкуу 11-июнь күнү кечинде аяктады.
Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү жөнүндө келишимге Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчылары 2023-жылы 13-октябрда Бишкекте өткөн жыйында кол коюшкан.
2022-жылы Астанада өткөн саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орус тилин колдоо жана жайылтуу боюнча эл аралык структура түзүү идеясын көтөргөн. Орусия президенти Владимир Путин казак президентинин идеясын колдой турганын айткан.
КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын октябрь айында Бишкекте өткөн саммитинде Казакстандын президенти Токаев Эл аралык орус тили уюмунун уюштуруу документтерине кол коюуну "тарыхый учур" деп атаган.