Соттун кабарлашынча, айыпталуучу 2015-жылы ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганын билген. Дарылануудан баш тартып, башкаларга жугузуп алса кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилген.
Киши 2013-2023-жылдары бир аял менен жашап, ага өзүнүн ВИЧ макамы тууралуу айткан эмес. Жыйынтыгында ал өнөктөшүнө ВИЧ жуктуруп, аял кийин каза болуп калган.
Сот айыпталуучунун күнөөсү соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен тастыкталганын билдирди. Ага ылайык, аял ВИЧ жуктургандан кийин башка оорулары күчөп кетип кайтыш болгон.
Айыпталуучу күнөөсүнө мойнуна алган жок. Соттун өкүмүнө ылайык, ал эми күч менен дарыланат.
СПИД эпидемиясынын глобалдык мониторингине караганда, Казакстанда 2023-жылы ВИЧ инфекциясынын 3862 учуру аныкталган. 2024-жылга карата өлкөдө ВИЧ жуктурган 32,6 миң адам бар.