Башкы ролду америкалык актриса Майки Мэдисон аткарган "Анора" тасмасы фестивалдын финалдык бөлүгүнө өткөн башка 21 тасмадан мыкты деп табылды. Алардын арасында режиссёрлор Фрэнсис Форд менен Дэвид Кроненбергдин да эмгектери болду.
Бейкердин тасмасынын башкы каарманы секс-индустриясында иштеген Анора аттуу өзбек кызы. Ал орус олигархынын уулуну турмушка чыгат. Буга каршы болгон баланын ата-энеси никени жокко чыгаруу үчүн Нью-Йоркко учуп барышат.
Сыйлык тапшыруу учурунда Шон Бейкер сыйлыкты "мурдагы, азыркы жана келечектеги бардык секс-жумушчуларга" арнаганын айтты.
Калыстар тобунун төрайымы, атактуу "Барби" тасмасынын режиссёру Грета Гервиг "Анораны" "жүрөгүбүздөн орун алган чыныгы адамдык тасма" деп атады.
Тасманын дүйнөлүк премьерасы быйыл күз айларына пландалган.