Ссылки доступа

Өзбекстанда мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталган мурдагы дипломат түрмөдөн чыкты


Кодиржон Юсупов
Кодиржон Юсупов

Өзбекстанда мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен 5,5 жылга эркинен ажыратылган Кодиржон Юсупов 10-июнда эркиндикке чыкты.

Юсупов абактан чыккандан кийин бир жыл административдик көзөмөлгө алынат.

Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясы Юсупов башынан эле адилетсиз соттун курмандыгы болгонун кабарлады.

Көптөгөн эл аралык уюмдар өзбек бийлигин Кодиржон Юсуповду бошотууга чакырышкан. Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму мурагы дипломат камакта жатканда кыйноого жана адамгерчиликсиз, кадыр-баркты басмырлаган мамилеге дуушар болгонун билдирген.

Кезинде Өзбекстандын Австрия, Улуу Британия, Судан жана Жакынкы Чыгыштагы элчиликтеринде иштеген Кодиржон Юсупов 2018-жылдын 3-декабрында Ташкент метросунун Пушкин станциясында поездге боюн таштап, аман калган. Ал №4 Ташкент шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Бул окуядан кийин башынан оор жаракат алган экс-дипломат өзүн "Батыштын тыңчысымын" деп жар сала баштаган. Бул "көрсөтмөлөрдүн" негизинде ага "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон.

Кодиржон Юсупов тергөө маалында ага ар кандай кысымдар жасалып, дарыланууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканына нааразы болгон, бирок өзбек бийлиги бул даттанууларды негизсиз деп тапкан.

Өзбекстандын Аскердик сотунун 2020-жылдын 9-январындагы өкүмү менен мурдагы дипломат 5,5 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG