"АКШнын жаңы санкцияларына байланыштуу Орусиянын резиденттерине байланышы бар бардык валюталык операциялар убактылуу токтотулду", – деп жазылган банктын алгачкы билдирүүсүндө.
Asia Alliance Bank бул билдирүүсүн эмне себептен кайра өчүрүп салганы азырынча белгисиз.
Банктын андан кийинки билдирүүсүндө жарандарга операциялардын кайра калыбына келиши жөнүндөгү кабарды күтүү сунушталган.
АКШнын Каржы министрлиги 12-июнда Орусиянын бир катар финансы институттарына санкция салган. Ага ылайык Москва биржасы, Орусиянын Улуттук клиринг борбору жана Улуттук эсептешүү депозитарийи Вашингтондун "кара тизмесине" кирген. Бул мекемелер менен кызматташкан чет элдик банктар да санкцияга кабылары эскертилген.