Ссылки доступа

Тажикстанда үй-бүлөлүк зомбулукка даттанган блогердин күйөөсү камалды


Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы үй-бүлөлүк зомбулукка даттанган белгилүү тажик блогери Рухшона Рахматуллоеванын күйөөсү кармалганын билдирди.

"Инстаграм" социалдык түйүнүндө Sofi деген ысым менен белгилуү Рухшона Рахматуллоева 12-июнда пост жазып, көптөн бери кайталанып келаткан ур-токмоктон улам үйүнөн качып чыкканын билдирген.

"Күйөөм дайыма өлтүрөм деп коркутуп, күч менен ашканада кармап турат. Мындай адамдар үчүн мыйзам барбы? Чыр-чатактардан улам балдарым психологиялык жактан жабыркап жатат", – деп жазган блогер кадр сыртында аял менен эркектин урушуп жаткан сөздөрү угулган видеону тиркеген.

Рахматуллоева күйөөсүнүн мындай аракеттери боюнча буга чейин укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок эч кандай реакция болбогонун кошумчалаган.

Блогердин бул билдирүүсүнөн кийин айрым колдонуучулар бийликти реакция жасоого жана бул фактыны териштирүүгө чакырышкан.

13-июнда Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы Рахматуллоеванын даттануусунан кийинки текшерүүнүн жыйынтыгында анын 34 жаштагы күйөөсү Умед Рахматуллоев кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жубайлардын ортосунда "түшүнбөстүк" болгон. Душанбедеги Шохмансур райондук сотунун чечими менен блогердин күйөөсү "административдик укук бузганы үчүн" жети суткага камакка алынды.

Бийлик текшерүүнүн жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулук фактысы ырасталган-ырасталбаганы боюнча маалымат берген жок. Бул боюнча Рахматуллоевдердин өзүнөн же жакындарынан да комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG