Ссылки доступа

Өзбек спортчулары учакты ордунан жылдыруу боюнча дүйнөлүк рекорд коюшту (видео)


Өзбекстандын Бодибилдинг жана фитнес федерациясынын командасы учакты ордунан жылдыруу боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебинин сайты жарыялады.

Маалыматка караганда, өзбек спортчулары быйыл 15-майда Ташкент эл аралык аэропортунда 13,5 тонналык Silk Avia ATR 72-600 үлгүсүндөгү учакты 46,7 секунддун ичинде 100 метр аралыкка жылдырышкан. Иш-чарага Гиннесстин рекорддор китебинин комиссары Мбали Масечаба Нкоси катышканы кабарланды.

Өзбекстандык команда учакты ордунан жылдыруу боюнча дүйнөлүк рекордду биринчи аракетинде эле койгон. Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирүү үчүн спортчуларга учакты 100 метрге 60 секунддун ичинде жылдыруу шарты коюлган.

XS
SM
MD
LG