Ссылки доступа

Казакстанда аскердик машыгуу учурунда бир жоокер каза болду


Чыгыш Казакстан облусундагы аскердик машыгуу учурунда бир жоокер каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 13-июнда, Аягөз горнизонуна караштуу аскердик бөлүктөрдүн биринде өтүп жаткан машыгуу учурунда болгон. Мекемеден машыгуунун жүрүшүндө "коопсуздук чараларынын бузулушуна жол берилгенин", мындан улам милдеттүү аскердик кызмат өтөп жаткан жоокер жаракат алып, көп өтпөй каза болуп калганын билдиришти.

Бул факты боюнча кызматтык териштирүү башталып, кылмыш иши козголгону кабарланды.

Акыркы жылдары маалымат айдыңында казак армиясында кызмат өтөп жүргөн жоокерлер каза болгону тууралуу кабарлар кыйла көбөйдү. Адатта алардын өлүмүнүн расмий версиясы катары түрдүү кырсыктар, жаракат алуулар жана оорулардын кесепеттери айтылып келет. Бирок каза болгон жоокерлердин жакындары көбүнчө расмий версияларга ишенбей, алардын өлүмүнө армиядагы уставдан тыш мамилелер жана офицерлердин шалаакылыгы себеп болот деп эсептешет.

2022-жылы Казакстандын Коргоо министрлиги тынч маалда армиядагы өлүмдөргө жол бербей турган программа даярдай турганын билдирген. Аскер колбашчылары менен жыйын өткөргөн өлкөнүн коргоо министри Руслан Жаксылыков "тынч учурда жоокерлердин жаракат алуусуна жана өлүмүнө жол бербөө үчүн бардык керектүү чаралар кабыл алынууга тийиш" экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG