Борбор Азиядагы "демократия аралчасы" деп эсептелген мамлекетте 11 журналисттин эркинен ажыратылышы өлкө тарыхын башка жакка бурчу ирмем болуп калат.
"Эгер Темиров Live долбоорунун мурдагы жана кийинки журналисттери ойлоп табылган айыптоолор менен кесилсе, Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетет", - дейт 13-июнда таратылган билдирүүдө уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.
Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталган. Анда кылмыш ишин кыскартуу, шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү, далилдерди алдыртуу жана четтетүү тууралуу маселелер каралган. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылып, отурум жабык өткөн.
11 журналисттин учурда тергөө абагында отурган төртөө: "Temirov Live" жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камак мөөнөтү 8-августка чейин узартылды.
"Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медиа" жана "ПолитКлиника" басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Кийин жети киши ар кандай себептер менен эркиндикке чыккан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келишет.