"Жыйынтыгында Өзбекстан темир жолдору", "Темиржолэкспресс" жана Hyundai Rotem компаниялары "Ташкент – Үргөнч – Хива" багыты боюнча жогорку ылдымдыкта каттай турган электр поезддерди алып келүү жана аларды техникалык жактан тейлөө жөнүндө келишимге кол коюшту", – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Экономикалык өнүгүү жана Түштүк Корея менен кызматташуу фондунун (EDCF) катышуусу менен жогорку ылдамдыктагы алты электр поезд сатып алуу жөнүндө токтомго кол койгон. Бул үчүн EDCF 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 35 жылга 185 миллион евро өлчөмүндө насыя берет. Анын жылдык пайыздык чени 0,1% түзөт.
Алына турган электр поезддери Шавкат Мирзиёевдин сунушу менен "Жалаладдин Мангуберды" деп аталат.
Каттам иштей баштагандан кийин жаңы поезддер менен Ташкенттен Хивага чейин жети саатта барууга мүмкүн болуп калат деп күтүлүүдө.