Bloomberg агенттигинин өз булактарынын айтымында, Германия делегациясы быйыл май айында Ташкентке «миграция келишимин» талкуулоо үчүн барган. Агенттик бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга электигин белгиледи.
Бул кадам менен Берлин азыркы ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүлөргө барбоого аракет жасоодо.
Берлин чек арадан Германияга өтө албай калган ооган качкындарын Өзбекстанга жөнөтөт. Бул өлкө аркылуу алар андан ары мекенине жеткирилет. Качкындарды жеке авиакомпания ташый турганы белгилүү болду.
Өзбекстан өкмөтү бул идеяны талкуулап жатат, бирок Ташкент «миграция пактында» өзбек жарандарынын Германияда мыйзамдуу иштешине уруксат берүү камтылышын көздөөдө.
Bloomberg агенттигинин булактары кошумчалагандай, Германия өкмөтүнүн миграция келишимдери боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамп бул маселени талкуулоо үчүн Өзбекстанга барат.