Ал былтыр ноябрь айынын аягында кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ошондон бери камакта.
Ал “Экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо” жана “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу” беренелери боюнча айыпталууда. Активист “Алга, Казакстан!” оппозициялык партиясын каттоодон өткөрүү үчүн арыз тапшыргандардын бири. Анын тарапташты тагылган айыптардын баары негизсиз экенин, иштин саясий өңүтү бардыгын билдиришүүдө.
Qaharman укук коргоо демилгеси бүгүн жашыруун күбө жөнүндө белгилүү болгонун кабарлады.
Дүйшөмбү күнү судья Асылбек Жамуратовдун ишин жабык кароо жөнүндө аныктама чыгарган. Тергөө учурунда суракка алынган күбөлөрдүн бири облустук прокуратурага анын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча арыз менен кайрылганы айтылды.
Соңку кездерде “саясий туткундардын” тизмесине кирген активисттердин соту жабык өтүп жатат. Май айында журналист жана активист Думан Мухаммедкаримдин соту жабык эшик артында уланган. Октябрь-ноябрь айларында Астанада активист жана ультрамарафончу Марат Жыланбаев жабык эшик артында жети жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы аткаминер Нуржан Алтаев да жабык эшик артында соттолгон — ноябрда сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.