Ссылки доступа

Казакстанда абактагы активист акыйкатчыга жардам сурап кайрылды


Марат Жыланбаев
Марат Жыланбаев

Былтыр жети жылга соттолгон активист жана супермарафончу Марат Жыланбаевдин Казакстандын акыйкатчысы Артур Ластаевге жазган арызынын көчүрмөсү жарыяланды.

"Мага №4 мекеменин кызматкерлеринен коркунуч болуп жатат. Тез арада келишиңерди өтүнөм. Буга чейин укук коргоочулардын коргоосуна муктаж эмес экенимди жазгам. Мени ошентип жазууга мажбурлашкан", – деп жазылган Жыланбаев 17-июнда кол койгон арызда.

Бул күнү адвокат Мейржан Доскараев №4 абакка барып, Марат Жыланбаев менен жолугуп чыкканын билдирген.

"Ал мага түрмө жетекчилиги аны соттолгон башка үч киши менен кагылыштырууга аракет кылып жатканын билдирди. Анын айтымында, жетекчилик алардан кутулууга аракет кылып жатат. Анткени аларда түрмө жетекчилигинин мыйзамсыз иштери жөнүндө көптөгөн материалдар бар. Абак башчылары кийин Марат Жыланбаевден да кутулууну каалашат", – деген адвокат.

Ал өткөн жумада мекеме жетекчиси "пара алып жаткан учурда кармалганына" карабастан, анын орун басарлары тарабынан Марат Жыланбаевге кысым көрсөтүү уланып жатканын кошумчалады.

Жаза аткаруу кызматы Степногорск шаарындагы №4 абак жайынын башчысы Асылхан Биттугулов "Алдамчылык" беренеси боюнча шектүү катары кармалганын, анын милдеттерин орун басары аткарып жатканын ырастады.

Түрмөдө Марат Жыланбаевге кысым көрсөтүлүп жатканы жөнүндө маалымат 14-июнда, ал телефон аркылуу жакындары менен сүйлөшкөндөн кийин пайда болгон. Акмоло облустук жаза аткаруу департаменти бул боюнча телефондо комментарий берүүдөн баш тартып, расмий кат менен кайрылууну сунуштаган. "Азаттыктын" казак кызматы мекемеге расмий кат жөнөткөнүн, учурда жооп күтүп жатканын кабарлады.

Айыптоолордун баарын четке кагып жаткан Марат Жыланбаев былтыр ноябрда Астанадагы соттун чечими менен "Экстремисттик уюмду каржылоо" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Активист бул өкүмдү жокко чыгаруу жана аны толугу менен актоо талабы менен кассациялык арыз жазган.

Былтыр декабрдын соңунда эл аралык уюмдар, анын ичинде Amnesty International жана Human Rights Watch укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигин Марат Жыланбаевди эркиндикке чыгарууга чакырышкан. "Активист жана белгилүү ультрамарафончу саясий позициясы жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн гана жети жылга соттолду. Ал тез арада эркиндикке чыгарылышы керек", – деп жазылган Amnesty International'дын билдирүүсүндө.

60 жаштагы белгилүү марафончу Марат Жыланбаев 2023-жылы май айында кармалган. Акыркы жылдары саясатка кызыгып, митингдерге чыгып, "Алга, Казакстан!" аттуу оппозициялык партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылып жүргөн Жыланбаевге "Экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери менен айып тагылган. Ал бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов түзгөн "Казакстандын демократиялык тандоосу" уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп күнөөлөнгөн.

19-январда Астана шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Активист өзү жана анын тарапташтары тагылган айыптарды четке кагууда. Казакстандык укук коргоочулар Жыланбаевди өздөрү түзгөн "саясий туткундардын" тизмесине киргизишкен.

XS
SM
MD
LG