Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 34 жаштагы жараны 27 жаштагы аялы менен уруша кеткен. Кызганычтан чыккан чатак учурунда ал аялды 6-кабаттагы батирдин терезесинен түртүп жиберген.
Жабырлануучуну күбөлөр оор абалда таап, ал ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай, аял бир нече сааттан кийин каза болуп калган.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.