Сот Ринат Ибрагимовдун эркиндигин эки жылга чектеди. Маалыматка караганда, өкүм чыгарууда сот анын мурда соттолбогонун жана оң мүнөздөмөсү бар экенин эске алган. Прокурор мурдагы аткминерди эки жылга кесүүнү сураган. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.
"Жабырлануучунун 20 млн теңге моралдык чыгым өндүрүү тууралуу талабы канааттандырылды. Ибрагимов жабырлануучуга 2 млн теңге моралдык кун төлөйт", деп айтылат маалыматта.
Сот материалдарына караганда, 2023-жылы 31-майда Атырау шаарындагы батирлердин биринде Ринат Ибрагимов менен анын мурдагы аялы Акмарал Үмбеткалиева жаңжалдашып кеткен. Ибрагимов жабырлануучунун андан материалдык жактан көз каранды экенинен пайдаланып, жаңжал чыгарып, ур-токмокко алган. Натыйжада аялдын 5-омурткасы сынган.
Соттолуучунун күнөөсү жабырлануучунун көрсөтмөлөрү, экспертизанын корутундусу жана башка далилдер менен тастыкталган.
38 жаштагы Ринат Ибрагимов Макат районунун мурдагы акими. Ал бул кызматта 2022-жылдын март айында дайындалган. Мурунку аялына ыраттуу түрдө кол көтөрүп келгени тууралуу билдирүүсүнөн кийин Ибрагимовго карата кызматтык иликтөө башталган. "Ак Жайык" басылмасынын маалыматына караганда, Ибрагимов 24-майда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Ринат Ибрагимов эмгек жолун Атырау шаарындагы өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде машыктыруучу болуп баштаган. Ал Пекин жана Лондон олимпиадаларынын катышуучусу.