Ссылки доступа

Өзбекстанда төрт баланын апасы өзүнө өрт коюп каза болду


Өзбекстандын чыгышындагы Наманган облусунда төрт баланын апасы үстүнө бензин чачып, өзүнө өрт койду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 10-июнда Янгикурган районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Жыйынтыгында аял алган жарааттарынан улам каза болуп калган.

28 жаштагы келиндин мындай кадамга баруусуна үй-бүлөлүк чыр себеп болгону кабарланууда.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, бул факты боюнча "Өз өмүрүн кыюуга чейин жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG