Ссылки доступа

Дэвид О'Салливан: санкцияланган товарларды Европадан Казакстанга ташуу көбөйүүдө


18-июнда Астанага келген Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан маалымат жыйынын өткөрүп, Казакстандан Орусияга реэкспорттолгон товарлар быйыл кайра көбөйө баштаганына тынчсыздануусун билдирди.

Ошол эле маалда ал Казакстандын санкцияларды сактоо боюнча аракеттеринде жылыш бар экенин белгиледи.

Дэвид О'Салливан "сапардын максаты Казакстан менен санкциялар боюнча макулдашууларды ырастоо" деп билдирди. Шейшембиде ал Казакстандын вице-премьер-министри Серик Жумагарин менен жолугушту.

О'Салливан жаңы санкциялардын тизмелери даярдалып жатканын, бирок аларды азырынча ачыктай албай турганын айтты. Санкция болгон жерде аны айланып өтүү же жаңы компанияларды түзүү аркылуу чектөөдөн кутулуу аракеттери болорун, бирок мындай аракеттердин баары көзөмөлдө экенин белгиледи.

"2023-жылдын апрелинен тарта санкцияланган өнүмдөрдү Казакстан аркылуу ташып келүү жана реэкспорттоо акырындык менен кыскаргандыгын байкаганбыз. Бирок менин тажрыйбам боюнча бул тынымсыз аракетти жана тынымсыз кайра карап чыгууну талап кылган жумуш. Мына ошондуктан мен бүгүн бул жердемин", - деди О'Салливан.

Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Брюссел Казакстандан санкцияларга кошулууну талап кылбаганын, бирок бул санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөөнү суранганын айтты. Ошол эле учурда ал 18-июнда Астанада "өтө жемиштүү пикир алмашуу" болгонун белгилеп, Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө үмүттөнөрүн билдирди.

Июнь айынын башында Еврокомиссия "Эгер Казакстан Орусияга согуштук техникаларды ташууну көбөйтсө, анын кесепети өзүнө тийип калышы мүмкүн" деп эскерткен. Экинчи даражадагы санкциялар киргизилбесе да, соода эрежелерин бузгандарга Европа менен соода жүргүзүүгө тыюу салынары белгиленген.

Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, буга чейин алты казакстандык компания АКШ менен Евробиримдиктин экинчи даражадагы санкцияларына кабылган. Алар Москвага сатууга тыюу салынган товарларды Европадан Казакстанга, андан ары Орусияга жеткирген деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG