Ссылки доступа

Шереметьево аэропортунда өзбек жарандарын текшерүү күчөп жатканы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиядагы Өзбекстандын элчилигине ар кандай даттануулар менен кайрылган мигранттардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу  дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Мигранттар өзгөчө Шереметьево эл аралык аэропорту аркылуу Орусияга кирип жатканда машакатуу текшерүүлөрдөн өтүп, кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтышууда.

Кырдаалды тактоо үчүн элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жолдоду.

Элчиликтин консулдук бөлүмү Шереметьево аэропортунун чек ара көзөмөл кызматы менен дайыма байланышта болуп жатканы белгиленди.

Март айында “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарды текшерүү күчөгөн.

Май айында “Агентство” басылмасы укук коргоочу Валентина Чупикке шилтеме жасап, акыркы күндөрү орус чек арачылары Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандарын жапырт түрдө Орусияга киргизбей жатканын жазган.

Ошол эле маалда Орусия президенти Владимир Путин Ташкентке сапар менен барганда өзбек мигранттарынын иштөөсүнө зарыл болгон шарттар түзүлөрүн айткан.

XS
SM
MD
LG