Ссылки доступа

Октон оор жаракат алган журналист Садыковдун жубайы Токаевди күнөөлөдү


Ок жеген оппозициячы, журналист Айдос Садыковдун жубайы Наталья Садыкова күйөөсүнүн абалы оор экенин билдирди.

"Кечээ Айдоско операция жасалды. Ага нейрохирургдар операция жасашты. Ал дээрлик эки жарым саатка созулду. Мен аны реанимацияда көрдүм. Абалы өтө оор. Ок анын чыкыйына тийген. Тилекке каршы, мээ жабыркаган", - деди ал "Азаттыктын" казак кызматына.

Наталья Садыкова кол салууну жолдошунун оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырат. Ал Айдосту көз алдында атып кетишкенин айтты. Садыкованын билдиришинче, ок бир жолу атылган. Ал тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат бере албасын белгиледи.

"Биз короого кирип баратканбыз. Ал жылып бараткан бутага ок аткан. Бир жолу гана ок чыгарып, бутага тийди. Анын Айдосту өлтүрүү үчүн атайын жалданган кесипкөй жалданма киши өлтүргүч экени көрүнүп турат. Бул коркутуу аракети болгон эмес", — деди Наталья Садыкова.

Ал өзүнүн Фейсбук баракчасында кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Токаевге жүктөгөнүн жазды.

19-июнда Акорда Садыков туш болгон кол салууга реакция жасады. Казакстан президентинин администрациясы тараткан маалыматта президент Касым-Жомарт Токаев селдин алдын алуу иш-чараларына жигердүү катышкандарды сыйлоо аземинде сүйлөп жатып, Киевде Айдос Садыковго каршы жасалган кылмыш жөнүндө кеп козгогону айтылат.

— Казакстан мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө багыт алды. Менин принципиалдуу позициямды билесиздер: өлкөдө мыйзамдуулук, тартип өкүм сүрүшү керек. Биздин коомдогу бардык чыр-чатактар жана пикир келишпестиктер бир гана мыйзам чегинде, негизги эл аралык стандарттарга ылайык чечилиши керек. Кечээ Киевде казак жараны Айдос Садыковго каршы жасалган кылмышты дал ушул өңүттөн карап чыгуу зарыл, — деген Токаев.

Ал дипломатиялык мекемелерге жана укук коргоо органдарына "бул олуттуу окуя боюнча" украин тарапка расмий өтүнмөлөрдү жөнөтүүнү тапшырганын айтты. Токаев ошондой эле, эгер зарыл болсо, казак бийлиги “чындыкты аныктоого жардам берүү үчүн” тергөөгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Садыковдор Украинага 2014-жылы көчүп барып, ошол жактан качкын макамын алган, мекенинде аларга “кастык козутту” деп былтыр издөө жарыяланган.

Айдос Садыков БАСЕ интернет-медиасы аркылуу казак бийлигин сындап, Токаевди “Орусиянын пайдасына иштеп жатат” деп айыптаган. Ал 2022-жылдын январындагы Казакстандагы адам өлүмү менен коштолгон нааразылык акцияларын активдүү колдогон, чагылдырган.

Жубайлардын Украинага көчүп кетишине 2014-жылы "жалаа жабуу" деген негизде Наталья Садыковага иш козголгону себеп болгон. Ага каршы мурдагы депутат Марал Итегулов арызданган.

Ал эми Айдос Садыковго 2010-жылы "ээнбаштык" деген берене менен айып тагылып, эки жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG