Ссылки доступа

Актөбөдөгү темир заводунда беш киши күйүк алды


Актөбө ферросплав заводунда беш адам күйүк алды. Ишканадагы авария 19-июнда түштөн кийин болгон.

Тез жардам станциясына чакыруу саат 16:00дө заводдун медайымынан түшкөн.

Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучулардын денеси 5 пайыздан 13 пайызга чейин күйгөн. Төрт адам ооруканага жаткырылды.

"42 жаштагы киши бети жана эки билеги күйүп, аймактык ооруканага жеткирилген, бирок ал ооруканага жатуудан баш тарткан. Колунан күйүк алган төрт жабырлануучу ооруканага заводдун медайымынын коштоосунда кызматтык тез жардам унаасы менен жеткирилген. Бейтаптар 5 пайыздан 13 пайызга чейин күйүк алган, алар травматология бөлүмүндө дарыланууда", - деп билдирди облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы.

Маалыматка караганда, жумушчулар күлдү жүктөө учурунда күйүк алышкан. Жабыркагандардын экөө жалданма ишкананын кызматкерлери.

ӨКМ билдиргендей, ишканада өрт чыккан эмес. Заводдун басма сөз кызматы да өрт болбогонун билдирди.

Актөбө заводу жылына 700 тоннадан ашык темир куймасын чыгарат. "Казхром" компаниясынын маалыматына ылайык, металлургиялык ишканада үч жарым миңдей адам иштейт.

XS
SM
MD
LG