Кийин сатып алуу шарты менен ишенимдүү башкарууга берүү боюнча соодалашуу 3-июлда башталышы керек. Комплекстин баштапкы баасы – 1 миллиард 115 миллион теңгени (2,4 миллион доллар) түзөт.
Маалыматка караганда, комплекстин болочоктогу ээси аны үч жыл ишенимдүү башкаргандан кийин толугу менен сатып алуу укугуна ээ болот. Ал алгачкы жылы объектиге 400 миллион теңге, кийинки эки жылда 200 миллион теңгеден инвестиция салышы керек болот.
"Инвестор имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана объектини жыйындар залы, жеке коворкинг, мейманкана бөлмөлөрү, спорт аянтчалары жана соода павильондору бар көп максаттуу борборго айлантууга милдеттүү. Ал жер туристтик-инвестициялык борбор болуп, 25тен кем эмес адам жумуш менен камсыз болушу зарыл", – деп жазылган коштомо документтерде.
Жергиликтүү YK-news.kz жаңылыктар сайты белгилегендей, Нурсултан Назарбаев президент кезинде Чыгыш Казакстан облусуна барганда дал ушул комплекске түнөп жүргөн болушу мүмкүн. Кезинде блогерлер Чыгыш Казакстан облусунун акими кызматында 10 жылдан ашык убакыт иштеген Даниал Ахметов аталган комплексти үй катары колдонуп жүргөнүн билдиришкен. Ал бул маалыматты төгүндөп, объектиде балдар эс аларын айткан.
Казакстандык журналист Асхат Ниязов youtube'дагы "Обожаю" каналына "Назарбаевдин резиденциясынын" видеосун жарыялаган. Анда чоң-чоң далистер, залдар, бир нече иш бөлмөсү жана уктоочу бөлмө бар экени тартылган. Үй кызматчыларынын айтымында, комплексте жалпысынан 15 бөлмө бар.
2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин бейрасмий түрдө президенттин резиденциясы деп аталып келген аймактардагы объектилердин багыттары өзгөртүлө баштаган. Өткөн жылы бийлик Костанай, Актау, Тараз, Атырау жана Актөбө шаарларындагы резиденцияларда балдар лагерлери менен балдар борборлорун ачуу пландалып жатканын билдирген. Анда объектилердин кимге берилерин жергиликтүү акимчиликтер аныктай турганы айтылган.