Ссылки доступа

Өзбекстанда бала бакчада балдарды сабаган тарбиячы жумуштан бошотулду (видео)


Жизак облусунун Галлаорол районунда бала бакчанын тарбиялануучуларын сабаган кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу Жизак облусунун мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

20-июнда социалдык тармактарда аялдын балдарды бут кийим менен сабап жатканы тартылган видео тараган. Видеодогу окуя Жизак районундагы 16-бала бакчада болгону аныкталган.

Билим берүү башкармалыгы жумушчу топ түзгөн. Ишти иликтөө учурунда видеодо тартылган аял бала бакчада тарбиячы экени тастыкталды.

Аны менен эмгек келишими бузулганы белгиленет. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө уланууда.

XS
SM
MD
LG