Ссылки доступа

"Казахстанская" шахтасындагы беш адамдын өлүмүнө байланыштуу сот 10-июлда уланат


Караганды облусунун Шахтинск шаарынын соту өткөн жума күнү "Казахстанская" шахтасындагы кырсык боюнча козголгон кылмыш ишин карай баштады. Былтыр август айында аталган шахтада өрт чыгып, беш адам каза болуп, дагы 16 киши жаракат алган.

Кырсык шахтаны "АрселорМиттал Темиртау" (АМТ) компаниясы башкарып турган маалда болгон.

Бул акыркы жыйырма жыл ичинде АМТ жумушчуларынын өлүмү боюнча сотко жеткен экинчи кылмыш иши.

21-июнда алдын ала соттук угуу болгон. Сот жообуна "Казахстанская" шахтасынын төрт кызматкери тартылып жатат. Алардын баары үй камагында. Алар коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп айыпталып жатат.

Кырсыктан курман болгондордун жакындары жана жаракат алгандар соттон кылмыш ишин кайра тергөө үчүн прокурорго жөнөтүүнү өтүнүштү. Прокурор буга каршы экенин билдирди. Сот арызды карап, кылмыш ишин прокурорго жөнөтүүгө негиз жок деген жүйө менен башкы соттук отурумду 10-июлга белгиледи.

"Казахстанская" шахтасындагы өлүмгө алып келген аварияга инженердик-техникалык көзөмөлдүн жоктугу; коопсуздук чараларынын сакталбаганы жана энергетикалык-механикалык тейлөөнүн начардыгы; коопсуздук талаптарын жана техникалык регламенттерди бузуу; жумушчу зонанын чаңдуулугу жана абанын булганышы себеп болгону айтылган.

Мурдараак маалымдалгандай, "мыйзам бузууларга" 28 адам күнөөлүү деп табылган. Бул тизмеден төртөө гана сот жообуна тартылууда. Өкмөттүк комиссиянын маалыматы боюнча, өрт көмүр конвейериндеги лентадан чыккан. Бул лента орнотулгандан кийин бир жарым ай гана иштеген.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда иш алып барган 29 жылдын ичинде "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын кендеринде 200дөн ашуун киши каза тапты.

Былтыр күзүндө 46 кенчинин өмүрүн алган Костенко кениндеги кырсыктан кийин казак президенти Касым-Жомарт Токаев кенди иштеткен "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотуу тапшырмасын бергенин билдирген. Кендеги кырсыктан көп өтпөй "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын ээлери алмашып, ишкана Qarmet деп аталып калган.

XS
SM
MD
LG