Ссылки доступа

Италияда Казакстандын жараны вандализм үчүн кармалды


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Италияда архитектуралык эстеликке зыян келтирген казак жараны кармалганын ырастады.

Маалыматка караганда, 22-июнда Италиянын Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү казакстандык туристти Помпеи археологиялык паркындагы байыркы дубалга ALI деген жазууну түшүрүп жатканда кармаган. Парктын жетекчилиги казак жараны дубалды калыбына келтирүү үчүн кете турган чыгымды төлөп бериши керек экенин билдирген.

"Италияда тарыхый имараттын дубалына мыйзамсыз жазуу түшүрүп жаткан жараныбыз кармалды. Укук коргоо органдарындагы бардык формалдуулуктар аяктагандан кийин ал кое берилди", – деп жазылган казак ТИМинин билдирүүсүндө.

Мекемеден казакстандыкка карата мындан аркы соттук териштирүүлөр административдик тартипте жүрө турганын кошумчалашты.

XS
SM
MD
LG