Ссылки доступа

Казакстандагы компания ЕБнын санкциясына илинди


Казакстандагы Da Group 22 компаниясы Евробиримдиктин жаңы санкциялар пакетине кирди. Бул тууралуу маалымат Евробиримдиктин расмий журналында жарыяланды. Компания 25-июндан бери расмий түрдө кара тизмеде.

2022-жылы Астанада катталган бул компания Орусиянын Украинага чабуулу башталгандан көп өтпөй Кремлдин аскердик машинасына салым кошкону аныкталган жана Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирүү үчүн потенциалдуу талапкерлердин катарына кирген.

Орусиянын бажы маалыматында Da Group 22 компаниясы Казакстандан миңдеген микрочиптерди алып өтүүчү катары көрсөтүлгөн.

Эл аралык иликтөөчүлөр тобу 2023-жылдын май айында Казакстанда катталган Da Group 22 компаниясы жөнүндө баяндап, аны согушта колдонулган санкцияланган товарлардын реэкспортуна түздөн-түз тиешеси бар компаниялардын катарына кошкон. Иликтөөчүлөр компанияны Германия менен бизнес байланыштары бар орусиялык үй-бүлө менен байланыштырышкан.

Бул арада Евробиримдиктин жаңы санкциялык тизмесине Кыргызстанда катталган эки ишкана да кирген. Биринчиси «Мюллер Маркт» жоопкерчилиги чектелген коому (Muller Markt LLC), экинчиси «ПроффЛаб» жоопкерчилиги чектелген коому (Profflab LLC) деп аталат.

Эки компания тең быйыл март айында АКШ Орусияга каршы жарыяланган экинчи даражадагы санкциялык тизмеге кирген. Анда санкция жарыяланган товарлардын Орусияга жеткирилишине, Орусиянын аскердик-өнөр жай тармагын колдоого көмөктөшкөн 300дөй адамдын жана ишкана-мекеменин аты аталган.

XS
SM
MD
LG