Мекеменин маалыматына караганда, Хатлон облусундагы Балжувон районунда талаада чөп жыйнап жүргөн 18 жана 20 жаштагы жигиттерге чагылган тийип, алар дароо мүрт кетишкен.
Ушул эле күнү Пенжикент шаарына караштуу бир нече айылдык жамааттын аймагында сел жүрүп, анын кесепетинен 22 жаштагы кыз каза болгон.
Быйыл май жана июнь айларындагы нөшөр жаандардан улам Тажикстандын аймактарында көптөгөн суу ташкындары болгон. Бийлик бул жаратылыш кырсыктары келтирген чыгымды 44 миллион сомониге же 4 миллион долларга баалаган.