Ссылки доступа

HRW: Казакстанда кабыл алынган "Масс-медиа жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши керек


Казакстандын эл аралык өнөктөштөрү Астананы сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана жакында эле кабыл алынган "Масс-мадиа жөнүндө" мыйзамды эл аралык стандарттарга тууралоого чакырышы керек. Бул тууралуу Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму билдирди.

19-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Масс-медиа жөнүндө" мыйзамга жана сөз эркиндигин коргоочуларды тынчсыздандырган айрым жоболордун топтомуна кол койгон.

HRW өкүлдөрү белгилегендей, жаңы мыйзамда ЖМКлардын материалдарына карата доо арыз берүүнүн эскирүү мөөнөтүн үч жылдан бир жылга чейин кыскартуу сыяктуу жакшы өзгөртүүлөр бар экенине карабастан, андагы айрым нормалар жергиликтүү жана эл аралык журналисттердин ишине тоскоолдуктарды жаратат.

Жаңы мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк ЖМКлардын журналисттерине "тиешелүү аккредитациясыз" профессионалдык журналистика менен алектенүүгө тыюу салынат.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсондун пикиринде, бийлик бул норманы "өкмөттү сындаган ЖМКлардын журналисттерине аккредитация берүүдөн баш тартуу же учурдагы аккредитациясын чакыртып алуу үчүн колдонушу мүмкүн".

Мыйзамда ошондой эле Маалымат министрлигине масс-медиага мониторинг жүргүзүү ыйгарым укугун берүү каралган. Анын алкагында мекеме масс-медиалардын "коомдун адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирген-келтирбегенин, ошондой эле жалпы адамзаттык, улуттук, маданий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бузган-бузбаганын аныктайт". HRW бул нормада так аныктамалар жок экенин билдирүүдө. "Бул журналисттердин өзүн чектөөсүнө жана алар жаза турган темалардын азайышына алып келиши мүмкүн", – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

HRW өкүлдөрү ошондой эле мыйзамда ЖМКлардын ишин токтотууга негиз болуп бере турган "экстремизмди пропагандалоо" түшүнүгү бар экенин сынга алууда. Буга чейин уюм Казакстандын бийлигин мыйзамдардагы "экстремизм" түшүнүгүн конкреттештирүүгө бир нече жолу чакырган.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун сөз эркиндиги боюнча быйылкы рейтингинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 142-орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG