Буга чейин Басман райондук соту Файзовду 22-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
19 жаштагы Мухаммадсобир Файзов Орусияда быйыл 23-мартта кармалган. Анда апасы Сайрам Файзова уулунун терактка тиешеси бар экенине ишенбей турганын билдирген. Ал Мухаммадсобир динге жакын болбогонун, "кыйратып деле намаз окубаганын" айткан.
Быйыл 22-мартта болгон "Крокус Сити Холлдогу" терактта бери дегенде эле 144 киши каза тапкан. Алардын айрымдарын кол салгандар атып өлтүрсө, көбү имараттагы өрттөн улам каза болушкан. Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму өз мойнуна алган. Орус тарап теракттын артында Украина турушу мүмкүн деп эсептөөдө. Киев айыптоолордун баарын четке кагууда.
Май айында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников "Крокустагы" терактка байланыштуу 20дан ашык киши кармалганын билдирген. Алардын көбү теги тажикстандык жарандар экени айтылган.
"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин орус бийлиги тажик мигранттарына карата кысымды күчөткөн. Акыркы үч айдын ичинде Орсиядан жүздөгөн тажикстандык мигрант депортацияланып, миңдеген тажик жараны Орусиянын аймагына киргизилген жок.