"Кыргызстан аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга маңзат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кармалгандар 2,4 килограмм "ооган чарсын" Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылышкан", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
УКМК бул маңзат каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.