Ссылки доступа

Ташкент: гүл дүкөнүндө сатуучуга кол салуу болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ташкенттин Шайхантахур районунда жайгашкан гүл дүкөнүндө 40 жаштагы киши 21 жаштагы сатуучу кызга кол салды. 23-июнда болгон окуянын видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы сатуучуга кол салган Хуршид Ахмедов буга чейин "Опузалоо" беренеси менен түрмөгө отуруп чыкканын билдирди.

Жакын жердеги эки жигит жана көчөдө өтүп бараткан киши сатуучу кызды муунтуп жаткан Ахмедовду тынчтандыруууга аракет кылган. Бирок ал аларга да кол салып, бирөөнү бетке урган.

Райондук ички иштер башкармалыгы бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

XS
SM
MD
LG