Акцияга катышкан казак сүрөтчүсү жана активист Канат Ибрагимов "Садыковду фейк президент Токаев аттырганын" айтты.
"Каршылашыбыз биздин досубуз Айдос Садыковго ок атканы үчүн Казакстандын үч патриоту Юнион-скверге келдик", – деди ал. Анын акцияда казак жана англис тилдеринде сүйлөгөн видеосу "Бәсе" youTube-каналына жарыяланды.
Акциянын катышуучулары Казакстандын, АКШнын жана Украинанын желектерин, ошондой эле англисче Tokaev and Putin are murderers ("Токаев менен Путин адам өлтүргүчтөр") деген жазуу менен коштолгон Айдос Садыковдун сүрөтүн көтөрүп турушту.
"Казакстан азыр Орусиянын сателлити, ал орустардын Украинага каршы агрессиясын толугу менен колдоп жатат. Украина постсоветтик чөлкөмдөгү тоталитардык режимдерге каршы жалгыз күрөшүп жатат. Тилекке каршы, Айдосту террорчулардын чабуулунан коргоп кала алган жокпуз", – деди акциянын дагы бир катышуучусу.
Казакстандын жараны, Украинада качкын макамында жашап жаткан Айдос Садыковго кол салуу Киевде 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон. Учурда ал оор абалда реанимация бөлүмүндө жатат.
Бул үчүн эки казакстандык жаран шектелүүдө. Украин тарап билдиргендей, алар ошол эле күнү Украинадан чыгып кеткен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган.
Украинанын Башкы прокуратурасы 20-июндагы маалыматында кылмышка 36 жаштагы Алтай Жаканбаев менен 33 жаштагы Мейрам Каратаев шектелип жатканын, кылмыш иши "Буюртма боюнча алдын ала сүйлөшүп, топтошуп адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен козголгонун билдирген.
Шектүүлөрдүн бири Жаканбаев Казакстандын күч органдарына өзү барып колго түшкөнүн казак Башкы прокуратурасы 21-июнда кабарлаган.
Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык "Азат" партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Садыков негиздеген YouTube каналдын миллиондон ашуун катталуучусу бар.
Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп барган.
Жубайы Наталья Садыкова "Ок анын чыкыйына тийген. Тилекке каршы, мээ жабыркаган", - деп айткан жана кол салууну күйөөсүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал Садыковду көз алдында атып кетишкенин айтып, кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Токаевге жүктөгөнүн "Фейсбук" баракчасына жазган.
Казакстан Орусиянын Украинага кол салуусун ачык айыптаган эмес. Ошол эле маалда Астана Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирип, оккупацияланган украин аймактарындагы псевдореферендумдарды жана алардын Орусияга "кошулуусун" тааныган жок.