Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Завод ушул жылдын январь айында Кытай президентинин Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында ишке киргизилген. Долбоордун наркы 160 миллион долларды түзөт. Завод жылына 50 миң электромобил чыгарат.
Азыр заводдо Chazor жана Song Plus Champion унаалары чыгарылып жатат.
Долбоордун экинчи баскычында өндүрүшкө дагы 300 миллион доллар жумшалып, завод жылына 200 миң электромобил чыгарууга мүмкүндүк алат. Үчүнчү этапта 500 миллион доллар инвестиция тартылып, өндүрүш кубаттуулугу 500 миң электромобилге жетет.
Азыр заводдо 1200 адам иштейт. Үчүнчү баскычта 10 миң адам иш менен камсыз болот.