28-июнь күнү түндө Ташкенттеги "Чорсу" базарындагы дүкөндөрдө ири өрт чыкты.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт тууралуу маалымат саат түн жарымынан оогондо келип түшкөн. Окуя болгон жерге 12 өрт-куткаруу бригадасы жөнөтүлгөн.
Өрт түнкү саат үчкө чукул толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Абдулла Кулдашев жана башка түзүмдөрдүн жетекчилери барган.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ташкенттеги "Чорсу" базары Өзбекстандагы жана Борбор Азиядагы эң чоң базарлардын бири. "Чорсу" базары Борбор Азиядагы Жибек Жолу жана монгол баскынчылыгы доорунан бери белгилүү.