Өкмөттүн "2021-2025-жылдарга менчиктештирүү боюнча айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жаңы токтом нормативдик укуктук актылар порталына жарыяланды. Токтом расмий басылмаларга чыккандын күндүн эртеси күчүнө кирет.
Казакстандын өкмөтү мамлекеттик активдерди менчиктештирүүнүн жаңы толкунуна даярдык көрүүдө. Менчиктештирүү боюнча улуттук кеңсе жайдын аягына чейин менчиктештириле турган объектилерди аныктап бүтөт деп күтүлүүдө. Бийлик октябрдын соңуна чейин акыркы тизмени бекитип, аны менчиктештирүү боюнча комплекстүү планга кошуусу керек.
"Урал "Зенит" заводу" акционердик коому 1941-жылы түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыты катерлерди жана кемелерди куруу. Завод Казакстандагы кеме куруучу ишканалардын лидери болуп эсептелет.
Былтыр "Зенит" заводу Казакстандын деңиз флоту үчүн кемелерди куруу боюнча Түркиянын Коргоо министрлигине караштуу ASFAT жана YDA ишканалары менен келишимге кол койгону белгилүү болгон. Декабрда Казакстандын өнөр жай жана курулуш министринин орун басары Азамат Бейспеков түркиялык курулуш компания инвестиция салуу шарты менен заводду сатып алууга даяр экенин билдирген.